14:21 18 ноября 2024

ОшМУ Синьцзян искусство университети менен меморандумга кол койду

Кытайдагы Синьцзян искусство университетинин проректору Цюань Лисинь баштаган делегация 18-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде болду.

Алар окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров, педагогика, искусство жана журналистика факультетинин искусство багытындагы кафедра башчылары менен жолугуп, пикир алышты.

Жолугушууда Цюань Лисинь университет Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районундагы алдыңкы окуу жайлардын бири экенин, искусство, музыка, дизайн, театр жана маданият тармактарында билим берерин белгиледи. Университетте бакалавриаттан тарта магистратурага чейин түрдүү деңгээлде билим алууга мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле ал окуу жай чет өлкөлүк ЖОЖдор менен улуттар аралык кызматташтыкка чоң маани берерин кошумчалады.

Иш сапардын алкагында ОшМУ менен Синьцзян искусство институтунун ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Анын алкагында окуу жайлар билим берүү, илим изилдөө, искусство жана маданият багыттарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат. Мындан тышкары академиялык мобилдүүлүк, окутуучулар менен студенттердин тажрыйба алмашуусу боюнча кызматташат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть