13:17 19 июня 2017

КУУнун окумуштуулар кеңешинин 9-чу отуруму өттү

2017-жылдын 15-июнь күнү башкы имараттагы диссертациялык кеңештер залында Окумуштуулар кеңешинин №9-отуруму болуп өттү.

Аталган кеңештин төрагасы, КУУнун ректору Канат Садыков алып барган жыйында төмөндөгү маселелер каралды:

Күн тартибиндеги 1-маселе - 2017-2018-окуу жылына студенттерди кабыл алуунун даярдыгы боюнча кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Мурат Соттимкулов чыгып сүйлөп, жаңы окуу жылына_студенттерди кабыл алуу боюнча аткарылган жана жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

2-маселе - КУУнун структурасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө баяндаманы жумушчу топтун башчысы, эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин деканы Рысбүбү Бейбутова жасады.

Административдик жана чарба иштери боюнча проректор Алымкул Токтомамбетов 3-маселе -_2016-жылдагы каржы-чарбалык иштердин жыйынтыгы жана материалдык-техникалык базаны бекемдөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө айтып берди.

Күн тартибиндеги 4-маселе боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы Эрнис Усенов чыгып сүйлөп, Улуттук университеттин жаңы окуу жылына даярдыгы боюнча баяндама жасады.

Жыйындын жүрүшүндө Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү о.э. юридика илимдеринин кандидаты Толкун Салыбековага "доцент" окумуштуулук наамын ыйгарууга, чет тилдер факультетинин ага окутуучусу Азизахан_Пайзулаеванын окуу-методикалык куралын министрликтин грифи менен чыгарууга, кыргыз филологиясы факультетинин доценти Назгүл Турдубаева менен социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин доценти Чолпон Усупованын докторлук диссертацияларынын темасын өзгөртүүгө жана юридикалык факультеттин доценти_Кубанычбек_Абдиевдин докторлук диссертациясынын темасын бекитүүгө макулдугун беришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть