Кыргыз Республикасынын милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы ИИМдин Академиясы профессордук-окутуучулук курамдагы бош кызматтык орундарга сынак жарыялайт.
Бош кызматтык орундардын тизмеси:
№ п/п Кафедралардын жана кызматтардын аталышы
1. Аскердик жана атайын-тактикага даярдык кафедрасы
- доцент - 1
2. Ыкчам издөө ишмердүүлүк кафедрасы
-доцент - 2
3. Тилге даярдык кафедрасы
- ага окутуучу - 1
- окутуучу - 1
4. Коомдук-саясий сабактар кафедрасы
- окутуучу - 1
5. Жарандык-укуктук сабактар кафедрасы
- окутуучу-3
6. Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасы
- окутуучу - 1
7. Криминалистика, атайын техника жана психология кафедрасы
- окутуучу - 2
ЖАЛПЫ: 12
Профессордук-окутуучулук курамга квалификациялык талаптар:
Доцент кызматтык бош орунга төмөндөгү квалификациясы бар адистер катыша алат: илимий наамы же болбосо илимий-педагогикалык же ИИОдо 5 жылдан кем эмес иш практикалык тажрыйбасы бар адистер (илимий даражасы же илимий наамы барларга артыкчылык болот);
Ага окутуучу кызматтык бош орунга төмөндөгү квалификациясы бар адистер катыша алат: илимий-педагогикалык же ИИОдо 5 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы бар адистер.
Окутуучу кызматтык бош орунга төмөндөгү квалификациясы бар адистер катыша алат: илимий-педагогикалык же ИИОдо 1 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы бар адистер.
Бардык талапкерлер бир ай ичинде жазуу түрүндө арыз менен ИИМдин Академиясына кайрылып, КРнын ИИОдо кызмат өтөө Жобосунун 29-пунктуна ылайык, керектүү иш кагаздарын тапшыруусу зарыл.
Сынакка талапкерлерди кабыл алуу жана иш кагаздарын топтоо 2018-жылдын 22-январынан 22-февралына чеийн жүргүзүлөт.
Сынактын катышуучулары төмөнкү текшерүүлөрдөн жана сынактардан өтөт:
- аскердик-дарыгерлер комиссиясынын аныктамасы (ВВК);
- дене тарбиялык даярдыгын текшерүү (ССК);
- негизги жана предметтик жазуу тести;
- аңгемелешүү.
Байланышуу булактары:
Бишкек ш. КР ИИМдин Академиясы
Ч.Валиханов к. (мурдагы Чолпон-Ата) 1-а
Телефондор: 63-14-19 (Кадрлар бөлүмү), 63-16-68 (Нөөмөт бөлүмү)
Электрондук дарек: iima2000@mail.ru