17:38 24 октября 2023

ИИМдин Академиясынын окутуучусу III Эл аралык Алтай форумуна катышып келди

2023-жылдын 18-октябрынан 20-октябрына чейин Россиянын Алтай аймагынын Барнаул шаарында Алтай мамлекеттик университетинин «Чоң Алтай» алтаистика жана түркология илим-билим берүү борбору уюштурган «Тарыхтагы жана азыркы замандагы славян жана түрк элдеринин биримдиги» форуму болуп өттү.

Форумдун максаты — түрк цивилизациясынын тарыхын заманбап илимий-изилдөөлөр жаатында эл аралык түрк коомчулугунун талкуусун улантуу, анын талаштуу аспектилери боюнча бирдиктүү позицияларды иштеп чыгуу жана билим берүү, илим, маданият жана жалпысынан евразиялык мейкиндикте гуманитардык кызматташтык.

Аталган форумда ИИМдин Академиясынын коомдук-саясий сабактар жана психология кафедрасынын окутуучусу, милициянын улук лейтенанты Алымбек уулу Медетбек «Эгемендүү түрк элдеринин мыйзам чыгаруу системасынын өзгөчөлүктөрү» деген темада илимий баяндама жасады.

Бул форумга Кыргызстандын коомдук ишмерлери Сүйүнбек Касмамбетов, Бекбосун Бөрүбашев, Канат Садыков, ошондой эле Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышты.

III Эл аралык Алтай форумунун катышуучулары айтылган теманын алкагында учурдагы күн тартибин талкуулоо менен гана чектелбестен, 2024-2025-жылдарга карата келечектүү изилдөө программаларын иштеп чыгуу боюнча стратегиялык сессияларды өткөрүү тапшырмаларын белгилешти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть