Базар-Коргондогу Ж.Бөкөнбаев мектебинин 4 окуучусу ардагердин колунан 5 миң сомдон стипендия алышты

Базар-Коргондогу Ж.Бөкөнбаев мектебинин 4 окуучусу ардагердин колунан 5 миң сомдон стипендия алышты

Билим АКИpress - Базар-Коргон районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия-жатак мектебинде 2018-жылдын 20-мартында Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Акимбек Нуралиев келип, мектептин жалпы жамаатын жана окуучуларды Нооруз майрамы менен куттуктап, адаттагыдай «эң жакшы» баага окуган 11-класстын 4 окуучусуна өзүнүн атынан 5 миң сомдон стипендия тапшырып, жагымдуу маанай тартуулады.

Акимбек атадан стипендия алган 4 окуучу райондук предметтик олимпиадада 1-орунду жеңип, областтык олимпидага катышып, байгелүү орундарга ээ болушкан. Алардын арасынан 11-классынын окуучусу Аяна Кадыралиева биология предмети боюнча республикалык олимпиадага жолдомо алган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up