Бишкектеги №26 мектептин француз тили мугалими Венера Сыргатаева дүйнөдөн кайтты
Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы №26 орто мектебинин француз тили мугалими Сыргатаева Венера Асанбековна 54 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Билим берүү департаменти билдирди.
Ал 1971-жылы 30-июлда Кара-Балта шаарына жакын Калининск айылында төрөлгөн.1995-жылы КМУУнин француз тили жана адабияты факультетин аяктаган.
Эмгек жолун Сретенск орто мектебинде француз тил мугалими болуп баштаган.
2005-жылдан баштап №26 француз тилин тереңдетип окуткан гимназияда эмгектенип келен.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.