Тоңдо окуучуларга жол эрежелери үйрөтүлдү (сүрөт)

Тоңдо окуучуларга жол эрежелери үйрөтүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу окуучулар арасында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун аймагында «Здравствуй школа!» аттуу рейддик иш-чара өтүп жатат.

Тоң районунун ЖКККБ кызматкерлери мектептерди кыдырып, окуучулар арасында жол кырсыктарын болтурбоо багытында иш-чараларды уюштуруп, лекция-маек, дилмаектерди өткөрүүдө. Мындан сырткары, окуучулар эрте менен сабакка келип-кеткен учурларда жолдорго жакын жайгашкан мектептердин алдында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу багытында кызмат өтөп, башталгыч класстын окуучуларын жолдон өткөрүп, аларга жолдо жүрүү эрежелерин үйрөтүүдө.

Мындай иш-чаралар облус аймагындагы жолдорго жакын жайгашкан баардык мектептердин айланасында уюштурулууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up