Мектептерде акыркы коңгуроо качан болору белгилүү болду
Билим АКИpress - Кыргызстандагы бардык мектептерде акыркы коңгуроо 26-майда кагылат, деп билдирди Билим берүү жана илим министрлиги.
2024-2025-окуу жылын жыйынтыктоого арналган салтанаттуу иш-чаралар саат 9:00дө өткөрүлөт.
Акыркы коңгуроо иш-чарасын өткөрүүдө коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
Билим берүү уюмдарынын жетекчилерине салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү нөөмөт уюштурулат.
Ошондой эле билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелердин жоопкерчилиги тууралуу маалымат берүү максатында чогулуштар өткөрүлөт.
Тез күйүүчү, травматикалык фейерверктер, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирген техникалык жабдуулар жана башка каражаттарды, ошондой эле экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга тыюу салынат.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.