Профессор С.Рыспаев Кош-Дөбөнүн мугалимдерине билим берүүдөгү көйгөйлөр тууралуу айтып берди

Профессор С.Рыспаев Кош-Дөбөнүн мугалимдерине билим берүүдөгү көйгөйлөр тууралуу айтып берди

Билим АКИpress - 17-февралда педагогика илиминин доктору, профессор Сулайман Рыспаев Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов орто мектебинин мугалимдери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Анара Нусупова маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, жолугушууда Сулайман Рыспаев бүгүнкү күндөгү билим берүүнүн стандарттары, билим берүүдөгү көйгөйлөр, компетенттүүлүк, тарбиянын жетишсиздиги тууралуу ой бөлүштү. Ошондой эле учурда мектептеги баалоо системасы, сабак өтүүнүн структурасы жөнүндө кеңири сөз болду.

«Китепкөй баланы кантип тарбиялоо керек? Азыр билим берип жатабыз, бирок тарбия берүүдө артта калып жатабыз», - деди С.Рыспаев. Ал мугалимдин эмгегин жогору баалап, дагы да келерин кошумчалады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up