ЖРТ-2019: Базар-Коргондо жогорку упай топтогон бүтүрүүчүлөргө жеке ишкер стипендия тапшырды

Билим АКИpress - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жалпы республикалык тестирлөөдө 22 окуучу жогорку упайларды топтогон. Аларга жеке ишкер Эрлист Акунбеков стимул берүү максатында иш-чара уюштуруп, ар бирине акчалай сыйлыктарды тапшырды.

2018-2019-окуу жылында райондогу мектептерди 1 миң 100 окуучу бүтүрдү. Алардын ичинен 466 окуучу жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, 22си жогорку упайларга ээ болгон. Эң жогорку упай 213тү түзгөн.

Базар-Коргон районундагы 65 мектепте 31 миңден ашуун окуучу билим алып келет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up