Бишкектеги №67мектепке Темиркул Үмөталиевдин ысымы ыйгарылды

Билим АКИpress - Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №67 орто мектебине Темиркул Үмөталиевдин ысымын ыйгаруу иш-чарасы өттү.
Мэриянын маалыматы боюнча, иш-чарага акындын үй-бүлөсү, кызы Чынара Үмөталиева, Свердлов райондук билим берүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Ж.Абдыжапарова, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Альфия Супатаева, акын Тынчтыкбек Нурманбетов, Бишкек шаарынын райондук билим берүү башкармалыгынын адистери, кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышты.
Иш-чаранын катышуучулары акындын жаркын элесине арналган чакан музей жана сүрөт көргөзмөсү менен таанышып, каалоо-тилектерин айтышты.
Иш-чаранын экинчи бөлүгү кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн шаардык семинар менен уланды. Катышуучулар №67 орто мектебинин мугалимдеринин иш тажрыйбасы менен таанышып, алардын ишмердүүлүгү боюнча маанилүү маалыматтарды алышты.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.