Садыр уулу Руслан Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болду

Билим АКИpress - Садыр уулу Руслан Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болду.

Ал 1979-жылы Жумгал районундагы Чаек айылында төрөлгөн. 1986-жылы Чаек айылындагы М.Алыбаев атындагы орто  мектебине кирип, 1996-жылы Ак-Татыр орто мектебин бүтүргөн. 1996-1999-жылдары Бишкек шаарындагы медициналык окуу жайында окуган. Андан соң И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде окуп, биология мугалими, кошумча эколог адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.

Эмгек жолун 2000-жылы Чүй облустук санитардык-эпидемиологиялык станциясында жооптуу кызматкер болуп иштөө менен баштаган. 2014-жылдан бери Жумгал райондук билим берүү бөлүмүндө башкы адис болуп эмгектенип келген. Мамлекеттик жана жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору.

Үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын атасы.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором