10:49 11 апреля 2018

Вена менен Кыргызстандын Дипломатиялык академиялары кызматташат

Автор: МИДдин пресс-кызматы

2018-жылдын 6-апрелинде Казы Дикамбаев атындагы КР ТИМдин Дипломатиялык академиясында Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова, академиянын ректору Чинара Адамкулова, Вена Дипломатиялык академиясынын директорунун биринчи орун басары Сюзанна Кепплер–Шлессингер окуучулар менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуу талкуу түрүндө өткөрүлдү. Иш-чараны Дипломатиялык академиясынын ректору Чинара Адамкулова ачты. Ал жолугушу учурунда конокторго ыраазычылык билдирип, академиянын негизги иш багыттары жөнүндө айтып берди. Андан кийин Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова Кыргызстан жөнүндө кыскача маалымат берип, Кыргызстан ачык жана демократиялык өлкө экенин белгилеп кетти.

Ошондой эле ал коопсуздук, жашыл экономика, суу пайдалануу тармагында изилдөөлөр, дипломатия тармагында кызматташууну сунуштады. Жайында Ысык-Көлдө өтө турган Эл аралык жайкы мектебинин ичинде Борбор Азиядан, Афганистандан жана Монголиядан келе турган жаш дипломаттарга Вена Дипломатиялык академиясынын өкүлдөрү лекция окуганга чакырылышты.

Вена Дипломатиялык академиясынын директорунун биринчи орун басары Сюзанна Кепплер–Шлессингер ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык академиясы менен кызматташууга даяр экендигин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Вена Дипломатиялык академиясынын студенттери Кыргыз Республикасынын өнүгүүсү, тышкы саясаты жана чет мамлекеттер менен болгон мамилелер боюнча суроолорду беришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть