Тилек Исабеков Нарын мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалды

Билим АКИpress - Тилек Исабеков Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалды.

22-апрелде билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева НМУнун жамаатына жаңы жектекчини тааныштырды.

Т.Исабеков 2015-жылдан бери Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин «Гидротехникалык курулуш жана суу чарба» кафедрасынын профессору болуп эмгектенип келген.

НМУнун ректору кызматына сынак 2024-жылдын октябрь айында жарыяланган.

 

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором