“Эне тил жана Чынгыз Айтматов” аттуу үч айлыктын алкагында, заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата “Ч.Айтматовдун чыгармалары - дүйнөлүк руханияттын феномени” аттуу Республикалык студенттик илимий-практикалык конференция өз ишин 18- сентябрда баштап, секциялык жыйындар болуп өттү. Илимий конференцияга республикабыздын жогорку окуу жайларынын студенттери жигердүү катышышты.
2018- жылдын 20-сентябрында конференциянын пленардык жыйыны болуп, конференцияны КУАУнун ректору, КР УИАнын корр.-мүчөсү, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Нургазиев Рысбек Зарылдыкович ачып, сөз сүйлөдү.
КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишекеев Назаркул Ишекеевич, КР УИАнын вице-президенти, КР УИАнын корреспондент –мүчөсү Тогусаков Осмон Асанкулович, КР УИАнын Тил жана маданият институтунун директору, академик Акматалиев Абдылдажан Амантурович Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча кызыктуу баяндамаларды жасашты. Мыкты баяндама жасаган студенттер университеттин “Грамоталары” менен сыйланышты. Ошондой эле, студенттер Ч.Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырылган концерттик программа көрсөтүштү.