17:00 2 июня 2022

Айыл чарба министри А.Жаныбеков КУАУнун жамааты менен жолугушту

2022-жылдын 2-июнунда К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде айыл чарба министри А.Жаныбеков, орун басарлары Н.Алишеров, А.Мукашев жана министрликтин бөлүм башчылары менен университеттин профессор-окутуучулар жамааты, бүтүрүүчүлөр жана студенттер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууда университеттин ректору, УИАнын академиги Р.Нургазиев окуу жайдын билим берүү, илимий-изилдөө иштери, эл аралык байланыштар боюнча презентация жасады.

Айыл чарба министри А.Жаныбеков өз сөзүндө бүгүнкү күндө министрлик айыл чарбаны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары: азык-түлүк коопсуздугу, органикалык айыл чарба, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин турукташтыруу, санариптештирүү, кластерлерди өнүктүрүү ж.б. маселелрге токтолуп, университет менен бирге иш алып баруу керектигин баса белгиледи.

Министрдин орун басары Н.Алишеров «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жалпы багыттары жана жумушка орношуу шарттары» аттуу темада презентация жасап, бүтүрүүчүлөргө конкреттүү жумуш орундарын сунуштады. Министрдин орун басары А.Мукашев «Кыргыз Республикасынын айыл чарба кластерлерин өнүктүрүү» деген темада презентация жасады.

Профессор-окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, студенттер суроолорду беришип, Айыл чарба министринен жоопторду алышты.

Соңуда университеттин окуу иштери боюнча проректору, ветеринария илимдеринин доктору, профессор А.Иргашев Айыл чарба министрлигинин «КР айыл чарбасынын отличниги» төш белгиси менен сыйланды. Г.Балян атындагы эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы А.Толобековага Айыл чарба министрлигинин ардак грамотасы ыйгарылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть