Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы №75 мектеп-лицейинде Мамлекеттик тил күнүнүн 29 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.
Окуу жылынын башында Мамлекттик тил күнүнө карата бекитилген пландын негизинде 15-сентябрда аталган мектепте маалымат такта уюштурулду. 17-сентябрда 3-4-класстын окуучулары тарабынан "Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар" деген темада сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. 5-6-класстарда Мамлекеттик тилдин 90 жылдыгына карата класстык сааттар өткөрүлдү.
21-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнүн 29 жылдыгына карата салтанаттуу линейка болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимни менен ачылды. Окуучулар кыргыз тилин даназалап жазган акын-жазуучулардын ырларын көркөм айтып, Айтматовдун чыгармаларынан диалог окушту. Ошондой эле окуучулар флешмоб бийлешти.