Корея Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарымд укуктуу элчиси Ха Тэек мырза Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетинин студенттери үчүн “Кыргызстан менен Корея Республикасынын дипломатиялык алакалары” деген темада конок лекция окуду. Бул иш-чара Корея жумалыгынын алкагында өттү. Иш-чарада мыкты студенттерге элчи Ха Тэек мырза ошондой эле ОшМУнун жаны технологиялар жана дистанттык билим берүү департаментинин директору Расул Абазбек уулу дипломдорду тапшырды.
Жолугушууда Корея Республикасынын университеттери менен академиялык мобилдүүлүк, магистратура, докторантурага тапшыруу, ишке орноштуруу маселелери да талкууланды. Конок лекцияга Батыш Чех университетинен келген 16 студент да катышты.