13:01 1 октября 2018

ОшМУда Котормочулар ассоциациясы түзүлүүдө

ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде котормочулардын эл аралык күнүнө карата “Кыргызстандагы котормочулардын ассоциациясын” түзүүгө багышталган жыйын уюштурулду. Ага өлкөбүздүн түштүгүндөгү бир топ окуу жайлардан өкүлдөр келип катышып, ойлорун ортого салышты. Ассоциацияны түзүүнүн негизги максаты — котормочуларды даярдап жаткан окуу жайларда бирдиктүү окуу планын түзүү, котормочулар үчүн окуу китептерин, методикалык каражаттарды иштеп чыгуу, алардын келечекте жумуш менен камсыз болушуна кам көрүү сыяктуу бир топ маселелерди ортого салуу.

Иш-чараны өткөрүүнү жана ассоциацияны түзүүнү өз мойнуна алган “Америка жана котормо таануу” кафедрасынын башчысы, доцент Гүлзат Пукаралиевна “Котормочулуктун бүгүнкү күндөгү абалы, актуалдуулугу жана келечеги” деген темада кызыктуу баяндама окуду. Өз сөзүндө ал бир топ фактыларга токтолуп, дүйнөдө бир жылда котормочулук ишкердик үчүн 33 миллиард доллар коротулуп жаткандыгын, 2020-жылы бул көрсөткүч 42%га өсө тургандыгын, ошондуктан котормочулук кесип учурда эң бир ардактуу, кирешелүү кесип экендигин белгиледи.

Майрамдык кече таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программаны тартуулоо, социалдык видео-роликтерди презентация кылуу менен да коштолду. Соңунда 1-курска кабыл алынган студенттер котормочулук кесипке өмүр бою кызмат кылууга даяр экендиктерин билдиришип, ант беришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть