14:06 22 октября 2018

Батыш Чех университетин 8 профессору ОшМУда

ОшМУ Чехия мамлекетинин Батыш Чех университети менен тыгыз кызматташтыкта иштешип келе жатат.

Бүгүн, 22-октябрда Батыш Чех университетинен келген философия жана искусство факультетинин деканы Давид Шанц, археология кафедрасынын башчысы, т.и.д., профессор Павел Варжека жетектеген 8 адамдан турган делегация ОшМУнун ректору Каныбек Исаков менен жолугушуп, пикир алышты.

Жолугушууда философия жана искусство факультетинин деканы Давид Шанц ОшМУ менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдер жемиштүү иштеп жаткандыгын, учурда кызматташууну жогорку тепкичке көтөрүп, жаңы кызматташтыктарды жолго коюуга кызыктар экендиктерин билдирди. Ошондой эле "Эразмус+" жана "Эразмус Мундус" программалары менен иштешүүгө аракеттер көрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Буга чейин ОшМУнун эл аралык мамилелер, тарых факультеттери менен кызматташып, окутуучулар, студенттер академиялык мобилдүүлүктөн өтүп, археологиялык изилдөөлөр боюнча эки университеттин профессорлору алмашып, лекция окуп, магистранттар археологиялык изилдөөлөргө катышып келсе, мындан ары искусство, энергетика сыяктуу башка адистиктер багытында алакаларды жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Батыш Чех университетинен келген делегация 1 жума аралыгында ОшМУда болушуп, эл аралык мамилелер жана тарых факультеттеринде конок лекцияларды окушат, ошондой эле тарых факультетинин музейиндеги археологиялык табылгалар боюнча изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Эки окуу жайдын түзүлгөн келишимдеринде академиялык мобилдүүлүктөн сырткары, эки университеттин ортосунда илимпоздордун биргелешкен илимий изилдөөлөрүн жүргүзүү, стажировкаларды уюштуруу, биргелешкен конференция, он-лайн лекция, симпозиумдарды өткөрүү иштери да каралган.

Учурда Батыш Чех университетинин 16 студенти ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинен академиялык мобилдүүлүктөн өтүп жатышса, эл аралык мамилелер факультетинин 10 студенти Батыш Чех университетинде окуп жатышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть