Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 3-декабрда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Айтматов-Фиеста» аттуу жогорку окуу жайлардын студенттеринин жалпы республикалык фестивалы өттү. Анда «Айтматовдун чыгармаларын ролдоштуруп көркөм окуу» багыты боююнча ОшМУнун орус филологиясы факультетинин студенти Элчибек Жумабек уулу 1-орунду багындырды.
Элчибек сынакта Ч.Айтмаовдун «Кыямат» повестиндеги жетинин бири Гурам Джухадзенин монологун өзгөчө чыгармачылык менен аткарып, калыстардын жогорку баасына татыды.
«Жаштар, Айтматов ааламына чогуу сапар алалы», - деп белгилеген өздүк баракчасында Элчибек Жумабек уулу.
Аталган фестивалга студенттерди орус филологиясы факультетинин илимий иштер боюнча декандын орун басары Замира Сабиралиева жетектеп алып барган.
Фестиваль Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Конфуций институтунун демилгеси менен өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынан студенттер жана магистранттар катышышкан.
Иш-чаранын максаты – студенттерди Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын билүүгө кызыктыруу, бири-бири менен жакындаштыруу, алардын лидерлик сапаттарын тарбиялоо, эң мыкты жана демилгелүү студенттерди алкоо.