Кытай Эл Республикасынын Хайнань провинциясындагы Хайко университетинде болуп өткөн «Кытай тили жана талант» аттуу сынакта чет өлкөлүк студенттердин ичинен ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин 4-курсунун студенти Миргул Мадраимова 1-орунду багындырды.
Өзгөчө таланты, шык-жөндөмү менен айырмаланган Миргүл уюштуруучулардын диплому, акчалай сыйлыгы менен сыйланды.
Учурда Кыргыз-Кытай факультетинин 31 студенти КЭРдин бир топ университеттеринен 6 айлык академиялык мобилдүүлүктөн өтүп жатышат. Алардын ичинен 7 студент аталган Хайко университетинде мобилдүүлүктөн өтүп, билимин жогорулатышууда.