16:19 18 апреля 2019

Өлкөдөгү 7 университеттин студенттери арасында «Брейн-ринг» акыл таймашы өткөрүлдү

Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине карата эл аралык байланыштар бөлүмү ички мобилдүүлүк боюнча окууга келген студенттердин ортосунда «Брейн-ринг» акыл таймашын өткөрдү.

Сынакка Кыргыз улуттук университетинин, Кыргыз экономикалык университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Эл аралык Кувейт университетинин, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад мамлекеттик университеттеринин студенттеринен куралган 7 команда: «Жетиген», «Биримдик», «И.Арабаев атындагы КМУ», «БатМУ», «НМУ», «ЫМУ», «ЖАМУ» катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду 4 миң 700 упай топтоо менен Арабаев университетинен чыккан команда ээледи. Ал эми 2-орунду Баткен, 3-орунду Ысык-Көл университеттеринин командалары камсыздашты. Моңолдор кызы Элизат, Кубайылдаева Сезим «Мыкты оюнчу» наамын алышты.

Таймаш 3 раунддан туруп, суроолор жалаң ОшМУнун тарыхы, окуу процесси, жетекчилиги ж.б. жөнүндө болуп, эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан түзүлдү. ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, доцент Сабыр Арстанов жетектеген калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныктап, катышуучулар 1-2-3-даражадагы дипломдор, С.Амиралиевдин калемине таандык интеллектуалдык багыттагы китептер менен сыйланышты.

Иш-чара сырткы ЖОЖдордон келген студенттерди ОшМУ менен жакындан тааныштырып, ал тууралуу маалыматтарды чакан кызыктуу формада аларга тартуулоо жана оюн аркылуу алардын ортосундагы достук мамилени чыңдоо, ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть