11:16 22 апреля 2019

ОшМУда «Байыркы Ош цивилизациянын чордонунда» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

Ош мамлекеттик университетинин базасында 20-апрелде «Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» иш-чараларынын алкагында «Байыркы Ош цивилизациянын чордонунда» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Аталган иш-чарага «ТҮРКСОЙ» уюмунун башкы катчысы Дүйсен Касеинов, Президенттик аппараттын жетекчисинин кеңешчиси Султан Раев, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана түрк дүйнөсүнөн келген расмий коноктор, окумуштуу аалымдар катышышты.

Конференцияга келген коноктор ОшМУнун имаратынын фойесинде коюлган байыркы Ош шаары тууралуу сүрөт көргөзмөлөрү менен таанышып, университеттин оркестринин жандуу музыкаларына күбө болушту.

«3 миң жылдан ашуун тарыхы бар байыркы Ош шаары 2019-жылы түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары болуп чечилиши Кыргызстан менен түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдейт», - деген «ТҮРКСОЙ» уюмунун башкы катчысы Дүйсен Касеинов ОшМУнун ректору Каныбек Исаковго эл аралык мааракенин ийгиликтүү өтүүсүнө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, уюмдун атынан университетке белегин тапшырды.

Конференцияда тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов «Ош — улуу жибек жолунун маанилүү аскердик-стратегиялык, соода-экономикалык жана маданий борбору», Түркия мамлекетинин маданият жана туризм министринин орун басары Халык Дурсун «Түрк дүйнөсүндөгү тоолор менен шаарлардын байланышы», тарых илимдеринин доктору, профессор Жээнбек Алымбаев «Ош шаардык архивдик булактарда», Түркия мамлекетинин шаарды өнүктүрүү жана жашылдандыруу министринин орун басары Мужахит Демирташ «Түркиядагы байыркы шаарлар жана байыркы тоолор», «Сулайман-Тоо» улуттук музей комплексинин башкы директору Султанбек Абдракманов «Сыр катылган Сулайман-Тоо», Өзбекстан Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Закиржан Машрабов «Улуу «Бабурнааме» энциклопедиялык чыгармасында байыркы Оштун чагылдырылышы», тарых илимдеринин кандидаты, доцент Сыдык Смадияров «Ош — байыркы Ферганадагы Давань мамлекетинин борбору» деген темаларда баяндама жасашты. Пленардык баяндамалар суроо-жооп, талкуулар менен коштолду. Баяндамалар ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият жана теология факультетинин окутуучулары тарабынан англис, түрк тилдерине синхрондук которулуп берилип турду.

Иш-чаранын алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин журналисттерине «ТҮРКСОЙдун» басма сөз сыйлыктары ыйгарылды.

«Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» иш-чараларына ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жигердүү катышышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть