16:10 23 мая 2019

ОшМУда «Бош орундар жармаңкеси» өттү

Ош мамлекеттик университетинин базасында 23-майда Ош шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жана ОшМУнун Карьера борбору биргеликте уюштурган «Бош орундар жармаңкеси-2019» иш-чарасы жана ОшМУнун факультеттериндеги ийримдердин жармаңкеси уюштурулду. Ага ЖОЖдордун бүтүрүүчү студенттери жана Ош шаарынын тургундары, ошондой эле Ош шаарынын алдыңкы мекеме-ишканалары, бизнес түзүмдөрү жана эл аралык уюмдар катышышты.

«Бош орундар» жармаңкесине Ош шаарынын, Ош облусунун район-шаарларынан жана Бишкек шаарынан алынган бош жумуш орундары жумуш издөөчүлөргө, Ош шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө сунушталды.

Университеттин алдында өткөн иш-чара ОшМУнун «Таланттар академиясынын» концерттик программалары менен коштолду.

Бош орундар жармаңкесинин экинчи бөлүгүндө ОшМУнун Карьера борборунун башчысы Азирет Али Маткалыков «ОшМУнун Карьера борбору жана сайтка кирип жумуш издөөнүн жол жобосу», Ош-ЖИАнын аткаруучу директору Бектурсун Такелеев «Кыялдагы жумушка орношуу үчүн кандай билимдерге ээ болуу керек?», Job.kg сайтынын директору Махабат Иманкулова «Job.kg сайты аркылуу тез жумуш издөө жана резюме түзүү», «Инстрим» фондунун программалар боюнча координатору Бегимай Мурзахматова «Стажировканын ролу жана жаштардын карьера түзүүдө өзүн-өзү өнүктүрүү», адам укуктары боюнча БУУнун Борбордук Азиядагы кеңсесинин өкүлдөрү Захид Мадрахимов Бекмурзин Александр, «Түштүк-Кыргыз цемент» заводунун менеджер-персоналы Роза Исаева «Түштүк-Кыргыз цемент» заводу жана жумушка кирүүнүн жолдору» деген темаларда баяндама жасашып, жумуш издөөчүлөрдүн жана бүтүрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп беришти.

«Бош орундар жармаңкесин өткөрүүнүн негизги максаты — жумуш издеген бүтүрүүчүлөргө мекеме-ишканаларда, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарындагы бош орундар жөнүндө ачык-айкын маалымат берүү, окууну аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн жумушка жайгашуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат», - деди ОшМУнун Карьера борборунун жетекчиси Азирет Али Маткалыков.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть