Ж.Касымбаева атындагы №2 Лебединовка мектеп-гимназиясында 1 октябрда 8-11-класстардын окуучулары арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чара өткөрʏлдʏ.
Иш-чарага мектеп-гимназиянын директору Асылкан Өмүрова, тарбия иштери боюнча директордун орун басары Венера Туралиева, социалдык педагог Алмаш Ормотоева, милициянын жаш жардамчылары, жол кыймылынын жаш инспекторлору жана мектеп парламенти катышты.
Иш-чаранын жʏрʏшʏндө «Мектептеги зордук-зомбулук» деген темада фильм, «Жаш өспʏрʏмдөрдʏн арасындагы укук бузуулар» деген темада презентациялар көрсөтʏлдʏ.