12:14 25 ноября 2019

ОшМУнун 80 жылдыгына карата студент кыздар волейбол боюнча мелдешке түштү

Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине карата өлкөнүн түштүк аймагындагы жогорку окуу жайлардын студент кыздары арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш уюштурулду.

Мелдештин ачылыш аземине ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин башчысы Абдыганы Абдувалиев, ОшМУнун профсоюз уюмунун төрагасы Абдижапар Аккулов, Социалдык иштер жана тарбия департаментинин башчысы Оёнбек Абдрахманов, педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканы Бакытбек Муратбаев жана факультеттин окутуучулары, студенттер катышты.

Мелдешке жалпысынан Баткен, Жалал-Абад, Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан 10 команда катышты: БатМУ, ЖАМУ, Жалал-Абад эл аралык университетинин, ОшМУдан «ОшМУ-1», «ОшМУ-2» курама командалары, ОшТУ, ОГПИ, КӨУ, ОшМЮИ, КУУнин Оштогу филиалынын курама командалар.

Университеттин 80 жылдык мааракесине карата уюштурулган мелдеш ОшМУнун жаңыдан курулуп, пайдаланууга берилген спорт комплексинде өттү.

«Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду «ОшМУ-1» кыздар командасы, 2-орунду ОГПИнин курама командасы, 3-орунду Кыргыз-Өзбек университетинин, 4-орунду ЖАМУнун командасы жеңип алышты.

Ар бир командагы «Мыкты оюнчу», «Мыкты коргоочу», «Мыкты тосмочу», «Мыкты байланыштыруучу» номинациялары тапшырылды. Жеңүүчүлөргө жана мыктыларга ОшМУнун громаталары, акчалай сыйлыктары, кубоктору тапшырылды.

Иш-чаранын максаты — университетибиздин мааракесинин алкагында ЖОЖдор арасында мобилдүүлүктү чыңдоо, ынтымакты бекемдөө, студент кыздардын спорттун волейбол түрүнө болгон кызыгууларын арттыруу, университетибизди даңазалоо болуп саналат»,  - деди мелдешти уюштуруудагы демилгечи, педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин окутуучусу, ОшМУнун кыздар курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурзат Ысмаилова.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть