15:30 11 декабря 2019

Грузияда өткөн менталдык арифметика боюнча олимпиадада ОшМУнун жаш жеткинчектери жеңиш менен кайтышты

Ош мамлекеттик университетинин «Зирек» башталгыч билим берүү борборунун 2 окуучусу — бир туугандар Амина жана Алия Рустамовалар Грузияда өткөн менталдык арифметика боюнча олимпиадага катышып, байгелүү орундарды багындырып келишти.

Эл аралык мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Иран, Тажикстан, Грузия өлкөлөрүнөн жалпысынан 70 окуучу катышкан.

Сынакка катышкан «Зирек» башталгыч билим берүү борборунун 3-классынын окуучусу Рустамова Амина баш байгени жеңип, «Супер чемпион» аталса, 1-класстын окуучусу Рустамова Алия 3-орунду ээледи. Эже-синдилер диплом жана кубоктор менен сыйланышты.

Жеңүүчү кыздарды менталдык арифметика предметинен даярдаган «Зирек» башталгыч билим берүү борборунун ыктыярчысы, ОшМУнун математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин 3-курсунун студенти Айтолкун Абдиваситова окуучуларды ата-энесинин колдоосу менен олимпиадага жетектеп барган.

Университеттин административдик кеңешинде жеңиш менен келишкен кыздарды куттуктаган ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов кыздардын окууларына ийгилик, ден соолук, бактылуу балалык каалап, атасы Расул Рустомовго жана апасы Каныкей Тороевага университеттин ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть