12:52 20 марта 2020

ОшМУда билим берүү онлайн режимине өттү

Ош мамлекеттик университетинде күндүзгү жана кечки бөлүмдөрдө окуган студенттер үчүн окуу процессинин лекциялык жана теориялык сабактары окутуунун дистанттык технологияларын колдонуу (avn.oshsu.kg «Билим берүү порталы», KelBil тиркемеси ж.б.) менен жүргүзүлө баштады.

Университетте Коопсуздук кеңешинин чечимине жана Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, 16-марттан баштап бардык иштер онлайн режимине өтө баштады. Ал үчүн окуу жай жетекчилиги атайын буйрук чыгарды. Буйрукта биринчи кезекте академиялык тайпалардын семестрдик пландарында дистанттык окутуу технологияларын колдонуу менен уюштурулаган лекциялык жана теориялык сабактардын сааттары көбөйтүлүп, сабактардын практикалык, семинардык, лабораториялык ж.б. түрлөрүнүн сааттарын мөөнөтүнөн мурда каникулдан кийинки убактарга жылдыруу менен окуу процессин уюштуруу милдеттендирилди.

Педагогикалык кызматкерлер окуу-усулдук иштерин уюштуруп, лекциялык жана теориялык сабактардын окуу материалдарын окутуунун дистанттык технологияларын колдонуу менен avn.oshsu.kg «Билим берүү порталы», KelBil тиркемеси, ж.б. каражаттарына жүктөп башташты.

Декандар, дирекциялар жана кафедра башчылары студенттер менен байланышты күчөтүшүп, ички жана тышкы мобилдүүлүк менен келген же кеткен студенттер менен байланышып, тиешелүү иш-чараларды аткарышууда.

«Үмүт» телестудиясы тарабынан факультет жана коллеждерде уюштурулган үлгүлүү on-line лекцияларды видеого тартуу, прессага жарыялоо колго алынууда.

ОшМУнун www.oshsu.kg сайтынан же avn.oshsu.kg сайты аркылуу ОшМУнун электрондоштурулган «Билим берүү порталына» учурда бардык окутуучулардын силлабустары, лекциялык, практикалык, лабораториялык иштелмелери, тесттик суроолору жүктөлгөн.

Эң алгач окутуучуларга жана студенттерге KelBil тиркемеси аркылуу электрондук жадыбалдары түзүлүп, жөнөтүлүп, он-лайн түрдө кайрылып колдонуу шарттары түзүлдү.

Студенттер электрондук жабыдал аркылуу avn.oshsu.kg дареги боюнча «Билим берүү порталына» логин, сыр сөзү аркылуу кирип, жабыдал аркылуу мугалимдин лекциялары менен таанышып, түшөнбөгөн суроолор менен чат технологиянын жардамында кайрылып, кайтарым байланыш жүрүп жатат. Ошондой эле Whats app, Instagram, facebook социалдык тармактары жана MOODLE, Zoom, Google Classroom программалары боюнча байланыштар түзүлүп жатат. Кошумчалай кетсек, 2020-жылдын 17-мартында математика жана информациялык технологиялар факультетинде дистанттык окуу боюнча ИТАС кафедрасынын башчысы У.Молдояров жана информатика кафедрасынын доценти У.Эркебаев факультеттин мугалимдерине MOODLE жана Zoom программалары боюнча семинар өтүп беришти жана окутуучулар Zoom программасынан өздүк кабинеттеринин коддорун алышты. Учурда аталган программалар боюнча мугалимдердин студенттер менен байланышы жүрүп жатат.

Университеттин сырттан жана дистанттык билим берүү бөлүмү тарабынан буга чейин да студенттер менен он-лайн билим берүү ишке ашып келген. Аталган борбор тарабынан жыл сайын окуу жайдын «Үмүт» телестудиясы тарабынан видео сабактар тартылып, эң мыкты делген сабактар ОшГУ дистант YouTube каналына жүктөлүп келет. Бул каналда видео сабактар ачык түрдө сакталгандыктан бардык колдонуучулардын пайдалануусуна ыңгайлашкан. Ал эми учурдагы жагдайга ылайык тиешелүү адистиктер да ушул каналдан пайдаланып, студенттерге шилтемелерди жөнөтүп жатышат.

Математика жана информациялык технологиялар факультетинин программалоо кафедрасынын окутуучулары тарабынан даярдалып, Программирования ОшГУ YouTube каналына жайгаштырылып жаткан видео сабактарды сунушталат. Төмөндө шилтеме аркылуу кирип көрсөңүздөр болот. https://www.youtube.com/channel/UCYo5l53pf9gj_tlxQfZa9VQ

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть