Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына жана ОшМУнун 80 жылдык маарекесине карата жарыяланган «Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгынын» алкагында Кыргыз-Түрк факультетинин журналистика жана компьютердик инженерия адистиктерине вебинар өтүлдү.
Вебинарды ММКны колдоо борборунун адистери Кундуз Жекшен кызы жана Тынчтыкбек Досмуратов «Медиа-маалыматтык сабаттуулук темасында өтүштү.
«План боюнча журналистика адистигине конок лекцияга келчү окутуучулар учурдагы кырдаалга байланыштуу келе албаса да, онлайн түрдө конок лекцияларды уюштуруу колго алганган. Алдыда чет өлкөлүк кесиптештердин студенттерге арналган кызыктуу онлайн сабактары күтүп турат» дешет уюштуруучулар.
Вебинардын толук берүүсү төмөнкү шилтемеде: https://www.youtube.com/watch?v=P3wROihfhyY&feature=youtu.be