7:33 1 мая 2020

ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультети Синьцзян педагогикалык университети менен биргеликте видеоконференция уюштурду

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына жана ОшМУнун 80 жылдыгына карата Ош мамлекеттик университетинде жарыяланган «Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгынын» алкагында Кыргыз-Кытай факультетинде видеоконференция уюштурулду.

Аралыктан окутуунун сапатын жогорулатуу, кытай тилчи окутуучулар арасында тажрыйба алмашуу максатын көздөгөн видеоконференция 30-апрелде Кытайдын Синьцзян педагогикалык университети менен биргеликте «Кытай тилин онлайн окутуудагы маселелер жана перспективалар» деген темада өттү.

Конференцияга Синьцзян педагогикалык университетинин проректору Ли Цзян Жун, Эл аралык кызматташуу департаментинин директору Лю Вейчиан жана ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Т.Айтикеев баштаган окутуучулук жамаат, Конфуций институтун окутуучу-ыктыярчылары катышты.

Конференциянын жүрүшүндө Синьцзян педагогикалык университетинин доценттери Та Вэйган жана Чжан Цзе «Онлайн билим берүүдөгү инновациялык технологияларды колдонуу», «Кытай тилин онлайн окутуудагы Синьцзян педагогикалык университетинин тажрыйбасы» аттуу баяндамаларды жасашты. Ошондой эле Кытайды онлайн окутууда колдонулган DingTalk программасын кантип колдонуу керектиги жөнүндө презентация жасашты.

Соңунда окутуучулар менен адистердин ортосунда онлайн окутууга байланыштуу кызуу талкуу жүрүп, суроо-жооптор менен коштолду. Адистер онлайн билим берүү учурдагы кырдаалдын чакырыгы экендигин белгилеп, окуу процессинде бир гана программа менен чектелбестен, жакшы эффект жарата ала турган башка портал, программаларды колдонууну сунушташты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть