10:42 15 июль 2020

ОшМУнун окутуучулары Ош шаардык ооруканасына 7 кычкылтек концентраторун тапшырышты

Ош мамлекеттик университетинин жамааты каражат топтоп, 24 саат үзгүлтүксүз иштөөчү 7 даана кычкылтек концентраторун Ош шаардык ооруканасына тапшырды. Ага кошумча учурда зарыл болгон медициналык каражаттар: 6 даана кварц лампасын, кандагы кычкылтектин деңгээлин, сатурациясын өлчөөчү 6 даана пульсоксиметр, 6 даана пульверизатор жана 140 даана респиратордук беткап да берилди.

Мындан сырткары, окуу жайдын 5 жатаканасында уюштурулган ооруканада иштеп жаткан 51 медкызматкерге түшкү тамак берилип жатат.

Бейтаптарга медициналык жардам берүү максатында Ош мамлекеттик университетинде түзүлгөн резервдик тобундагы 9 дарыгер-ординатор Чоң-Алай районунда, 10 медицина кызматкери Кара-Кулжа районунда, 5 дарыгер-ординатор Ош шаарындагы «Газпром» спорт комплексинде уюштурулган күндүзгү стационарда, 45 медкызматкер ОшМУнун медициналык клиникасында иштеп жатышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть