17:44 30 октября 2020

ОшМУнун медицина факультетинин жогорку курсунун студенттери СOVID-19 боюнча даярдоо курсунан өтүштү

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 4-5-6-курстарынын студенттери үчүн 5 күн COVID-19 илдети менен күрөшүүдөгү негизги эрежелер медицина кызматкерлеринин жеке коргонуу каражаттары тууралуу ОшМУнун симуляциялык борборунда онлайн жана офлайн форматта окутуу өттү.

Мастер-класстарды медицина факультетинин эпидемиология, вирусология жана микробиология кафедрасынан доцент Бактыгүл Абдыраева, педиатрия 1 кафедрасынан доцент Уулжан Шерматова, фармакология кафедрасынын доценти Анара Жаанбаева, хирургия жана реанимация кафедрасынан улук окутуучу Жаныбек Кутуев, травматология кафедрасынан кафедра башчысы, доцент Таалай Сеитбеков, үй-бүлөлүк медицина курсунун ички оорулар кафедрасынан Дарыгүл Исраиловалар атайын графиктин негизиндле үзгүлтүксүз өтүп беришти.

Окутуунун жыйынтыктоочу күнү катышкан ар бир студент аттестациядан өтүштү. Студенттер симуляциялык борбордо муляждарда практикалык көндүмдөрү жасашты.

«Жыйынтыктоочу аттестация учурунда студенттердин берилген процедураларды жоопкерчилдик менен аткарып жаткандарына күбө болдук. Айрымдары толкунданып да жатышты. Ар бири колду туура тазалоо, дарыларды ийнеге туура алуу, венага туура берүү өтө маанилүү экендигин билишти. Атайын коргоочу кийимдерди кийүү, кайра чечүү дагы өзгөчө жоопкерчиликти талап кыларын үйрөнүштү. Анткени коргоочу кийимдерди туура кийүү жана чечүү бир гана өзүнүн өмүрүнө эмес, жалпы изолятордогу бригаданын коопсуздугуна таасир этерин көрүштү. Айрымдары көрсөтмөлөрдү алып, кайрадан окуудан өтүштү. Студенттердин катышуусунда дем алуу гимнастикалары боюнча роликтер да даярдалды», - дейт ОшМУнун акушердик жана гинекология кафедрасынын доценти, врач Гүлбара Ташиева.

Жалпысынан офлайн форматта 4-5-6-куртардан 120 студент, онлайн форматта 500 студент окуудан өтүштү. Катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Өмүр сакчылары тиешелүү билимдерге ээ болгон соң даярдыктан өткөн студенттердин тизмелери Ош шаардык жана Ош облустук ооруканага жөнөтүлдү. Алар учурда резерв кадр катарында зарылчылык жаралган учурда кызмат көрсөтүүгө даяр турушат.

Буга чейин пандемия мезгилинде ОшМУнун 350дөн ашуун медицина кызматкерлердин резервдик тобу түзүлүп калктын саламаттыгын сактоого салым келишкен. Резервдик топтон 9 дарыгер-ординатор Чоң-Алай районунда, 10 медицина кызматкери Кара-Кулжа районунда, 5 дарыгер-ординатор Ош шаарындагы «Газпром»спорт комплексинде уюштурулган күндүзгү стационарда, 45 медкызматкерлер ОшМУнун медициналык клиникасында иштеген.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть