16:38 22 февраля 2021

Аламүдүндө кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин семинары болуп өттү

№1 Аламүдүн жалпы билим берүү орто мектебинде 19-февралда Аламүдүн райондук кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин семинары болуп өттү.

Семинарга райондун бардык мектептеринин кыргыз тили, адабияты мугалимдери жана райондун билим берүү бөлүмүнүн методисти Ч.Тентимишова катышты.

Семинарда №1 Аламүдүн жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери А.Куланбаева, Н.Аттокуров, Мыктыбек кызы М., «Балдарды окутуудагы салттуулук жана интерактивдүүлүк» деген темада тренинг өтүштү. Семинардын катышуучуларына тема боюнча кеңири түшүндүрмөлөрдү берип, окутуудагы салттуулук менен интерактивдүүлүктүн айырмачылыктарын, өзгөчөлүктөрүн баса белгилөө менен тренинг өтүштү. Тренинг катышуучулар тарабынан жогорку деңгээлде бааланып, мыкты уюшкандыкта өткөрүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть