15:23 24 марта 2021

Ошто кургак учук боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өттү

24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата Ош шаарындагы «Алымбек датка» эс алуу багында Ош мамлекеттик университети, Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору, Ош облустук кургак учук менен күрөшүү борбору, «Кызыл жарым ай» коому биргеликте элге түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүштү.

Катышуучуларга кургак учук дарты боюнча суроолор берилип, ар кандай сынактар уюштурулуп, кургак учукка каршы күрөшүү программалары камтылган китепчелер таратылды.

Кургак учуктун ачык түрү адамга аба аркылуу жугат. Бирок бейтап дарыланса, айлана-чөйрөдөгү адамдар үчүн коркунуч туудурбайт. Андыктан, илдеттин белгилери бар адамдар өз убагында дарыгерге кайрылышы керектигин айтты адистер.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2019-жылы 5 миң, 2020-жылы 3,5 миң адамдан кургак учук табылып, каттоого алынган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть