17:53 17 июня 2021

Академик Мирсаид Миррахимовго арналган ыр табылды

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын ординатору Алихан Ибраимов СССРдин эл артисти, айтылуу төкмө Эстебес Турсуналиевдин жеке архивинен анын 1997-жылдын 27-мартында кагазга түшүрүлгөн ырын таап, социалдык баракчасына жарыялады.

Ыр академик, Социалисттик Эмгектин Баатыры Мирсаид Миррахимовдун 70 жылдык мааракесине арналган. Анда дарыгерлик кесиптин коомдогу опол тоодой орду тууралуу сөз болот.

Эмдигиче эч жерде жарыяланбаган чыгарма ЖОЖдун «Дарыгер» көп нускалуу гезитинин жакынкы сандарында жарыяланат.

А.Ибраимов ырды окурмандарга тартуулоого уруксат бергени үчүн акындын байбичеси Рая Турсуналиевага чоң ыраазычылык билдирет.

Төмөндө арноо саптарынын тексти келтирилди:

Адамга өмүр арнашкан,

Ажалдар менен кармашкан,

Ак халат кийген доктурлар,

Ак ниет иштен талбастан,

 

Ооруп барсаң кайгырып,

Ооруңду таза жайгылып,

Кашыңдан каршы чыкпастан,

Карап турат кайрылып,

Караанын көрсө доктурдун,

Оору да качат окшойт айбыгып,

 

Кайгырткан тезден басылып,

Кабагың чайыттай ачылып,

Ата-энеңден кем эмес,

Аябай кылса жакшылык,

Андыктан доктур баарыңа,

Ардактайм дайым баш уруп.


Улуу адамдын кубанчы,

Уккандын баары ыраазы,

Урматтуу агам Мирсаид,

Улукман дечи туурасы,

Уул-кыздар өстүрүп,

Узарган кези кулачы,

 

Жетимиш жашка чыгыптыр,

Жер жүзү бүтүн угуптур,

Мирхамид уулу Мирсаид,

Миллиондогон эл тааныйт,

Атагын, даңкын, эмгегин,

Ар бир өлкө тең тааныйт.

 

Кетирбейт текке мүнөттү,

Кебезден жумшак мүнөздүү,

Керемети сакайтат,

Кезелдеп барсаң жүрөктү,

Келгенче жетимиш жашка,

Кесибин, ишин гүлдөттү,

Ооматтуу залкар адамсыз,

Орундасын Кудайым,

Оозуңузда максат-тилекти,

 

Жашыңыз бүгүн жетимиш,

Жапжаш эле бойдон өзүңүз,

Жаштарга үлгү көрсөтүп,

Жакшы иштеп жаткан кезиңиз,

Кадыр-барк, урмат, сый менен,

Каалаган жашка жетиңиз!

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть