16:10 10 июня 2022

КММАнын ректору IT-технологияларды ишке ашыруу тармагындагы эксперт Алессандра фон Бисмарк менен жолугушту

Медициналык академиянын ректору Индира Кудайбергенова Алессандра фон Бисмарк менен жолугушту.

Ал IT-технологияларды ишке ашыруу боюнча эксперт катары келген жана Кыргызстандын калкы үчүн бирдиктүү электрондук системаны киргизүү маселесин талкуулоо үчүн КР жогорку бийлик органдары менен жолугушат. Ал бул система калк менен саламаттыкты сактоонун ишин жеңилдетип, профилактикалык иштерди жүргүзүүгө жана ошону менен калк арасындагы өлүмдү кыскартууга жардам берерине ишенет.

Алессандра фон Бисмарк КММАны өлкөдөгү медициналык билим берүүнүн лидери катары эсептеп, электрондук саламаттыкты сактоону түзүүдө каталарды болтурбоо үчүн окуу жайдын жетекчилигинен жергиликтүү саламаттыкты сактоо системасын түшүнүүгө жардам берүүнү суранды.

Белгилей кетсек, ал салттуу баалуулуктарды жана маданий мурастарды алдыңкы технологияларды киргизүү менен айкалыштыруу аркылуу глобалдык гүлдөп-өнүгүүнү жогорулатуунун жактоочусу, алгачкы криптоинвестор, ал Blockchain Compliance Foundation NFTproнун директорлор кеңешинин мүчөсү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть