16:33 3 июля 2022

ЖКнын депутаты Нурлан Шакиев КУАУда болду

2022-жылдын 2-июнунда Жогорку Кеңштин депутаты, «Ата-Журт» фракциясынын лидери Нурлан Шакиев өзү бүтүрүп кеткен К.И.Скрябин атындагы КУАУга келип, университеттин материалдык-техникалык базасы, заманбап технологиялар менен жабдылган окуу лабораториялары, илимий китепкана залы, билим берүү борборлору, музейлери, спорт комплекси ж.б. менен таанышты.

Ошондой эле Окумуштуулар кеңеши залында университеттин ректору Р.Нургазиев, проректорлор, декандар, директорлор, түзүмдүн башчылары, профессор-окутуучулар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Н.Шакиев бүгүнкү күндө Кыргыз улуттук агрардык университети агрардык билим берүүнүн, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнүн жана инновациялык ири борбору болгондуктан, өзгөчө статусу бар жогорку 5 окуу жайдын катарына киргендигин белгиледи.

Университетте бүгүнкү күндө өлкөнүн агрардык секторуна жогорку квалификациялуу адистерди сапаттуу даярдоо үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүнө, замандын талабына ылайык лабораториялар ишке кирип, аудиториялар, кабинеттер заманбап окуу-методикалык жабдыктар, компьютердик технологиялар менен толук жабдылгандыгы боюнча Р.Нургазиевге ыраазычылык билдирди.

Прикрепленные документы (1):

Сайт 2.07.22..docx
15 KB
Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть