9:19 1 сентября 2022

ОшМУ Түрксой эл аралык түрк маданияты уюму жана Памуккале университети менен кызматташат

ОшМУ Түрксой эл аралык түрк маданияты уюму жана Памуккале университети менен кызматташат.

Кызматташуу келишимине «Байыркы Өзгөн жана Имам Серахси мурасы»  аталышындагы эл аралык конференциясынын алкагында кол коюлду.

Ага ылайык, Түрксой эл аралык түрк маданияты уюму менен түзүлгөн келишимде түрк тилдүү элдердин жаштарынын ынтымагын жана биримдигин бекемдөө каралган. Ал эми Памуккале университети менен окутуучулaрды, изилдөөчүлөрдү, студенттерди aлмaшуу, биргелешкен билим берүү, илимий-изилдөө долбоорлору, кыскa мөөнөттүү билим берүү, илимий прогрaммaлaрын ишке ашыруу, биргелешкен конференция, семинaр жaнa илимий отурумдaрды, конок-лекцияларды уюштуруу сыяктуу бир топ маселелер камтылган.

Эл аралык жыйынга бийлик өкүлдөрү, Түрксой эл аралык түрк маданияты уюмунун башкы катчысы, окуу жай жамааты, тарыхчылар, изилдөөчүлөр, маданият ишмерлери, дүйнөлүк уюмдардан өкүлдөр, окумуштуу, аалымдар катышты.

Конференцияда ислам аалымы Имам Серахсинин өмүр жолу, ислам дининдеги Ханафий мазхабы жана фикх илимине кошкон салымы, эмгектери боюнча айтылды.

Иш-чара «Өзгөн-Мунара-2022» этно-фольклордук фестивалынын алкагында уюштурулду.

Өзгөн шаарында 1-сентябрда жер-жерлердеги тарыхый мурастарды даңазалоо, жергиликтүү элдин руханий жана маданий өсүүсүнө салым кошуу, улуттук маданий мурастарды жайылтып, элге жеткирүү максатында «Өзгөн-Мунара-2022» этно-фольклордук фестивалы өтөт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть