21:24 10 февраль 2023

Профессор Тасилкан Жумабаева ОшМПУда конок лекция окуду

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде табигый-илимий билим берүү багытында «Туруктуу өнүгүүнүн негизги максаттары» аталышында конок лекция уюштурулду.

Иш-чаранын коногу КР Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү жана биология илиминин доктору, профессор Тасилкан Жумабаева болуп, ал табият таануу жана география факультетинин окутуучуларына, аспиранттарга, магистранттарга жана студенттерге лекция окуду.

Лектор туруктуу өнүгүүнүн 17 максаты тууралуу маалыматтарды жана билим берүүдө кандай компотенттерге ээ болуу керектиги жөнүндө кенен түшүнүк берди. Ошондой эле студенттерди туруктуу өнүгүүгө салым кошууга багыттаган бир топ мисалдарды келтирип, талкууларды жүргүздү.

Жыйынтыгында лекциянын катышуучулары тарабынан суроолор берилип, профессордон тиешелүү жооптор алынды. Андан соң профессор университеттин ректорунун кабыл алуусунда болуп, конок лекцияларды уюштуруу боюнча баарлашты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть