22:08 31 марта 2023

Омск облусунун ЖОЖдору ОшМУ менен кызматташат

Омск облусунун экономика министринин орун басары Константин Чуловский баштаган делегация ОшМУда болду.

Делегация окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат менен жолугуп, билим берүү, илим изилдөө, жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташтык тууралуу пикир алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө делегация өкүлдөрү ОшМУ менен Омск областындагы Омск мамлекеттик университети, Омск мамлекеттик медициналык университети, Омск мамлекеттик агрардык университети сыяктуу бир топ жогорку окуу жайлар менен кызматташууда көпүрө болуп берерин, учурда аталган окуу жайлар ОшМУ менен кызматташууга даяр экендиктерин кошумчалашты.

Ошондой эле Омск облусундагы мекеме-ишканаларда, медициналык мекемелерде ОшМУнун студенттери, магистранттары практикадан өтүп келүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча сүйлөштү.

17-19- апрель күндөрү Омск облусунун губернатору баштаган делегация Ош облусуна атайын иш сапары менен келишет. Аталган иш-чарада ОшМУ менен Омск облусунун ЖОЖдорунун ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимдери түзүлөт.

Учурда ОшМУ Россиянын 70тен ашуун ЖОЖдору менен кызматташып келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть