19:06 28 апреля 2023

ОшМУда Е-BILIM FEST фестивалы өттү

ОшМУда «Санариптештирүү аркылуу айылдык жамааттар үчүн ачык-айкын келечекти куруу» долбоорунун алкагында Е-BILIM FEST фестивалы өттү.

Фестивалдын ачылыш аземинде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, ОшМУнун дистанциондук билим берүү технологиялар менен иштөө боюнча проректору Таасилкан Жумабаева, Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борборунун долбоорунун менеджери Анна Силем, «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун жана DigiKonus долбоорунун өкүлдөрү сөз сүйлөдү.

Е-BILIM FEST алкагында «Илимдеги кыздар» долбоорунун менторлору «Робототехника», «3D басып чыгаруу», Brain-chip, «Санарип мугалим», «Мугалимдерди санариптик технологиялар менен тааныштыруу жана окуу процессин жакшыртуу», «Эмне үчүн жасалма интеллект?», «Анимациялык мультфильм индустриясы кандай иштейт?», «Компьютердик кызматтын лайфхагы» боюнча көргөзмө мастер-класстарды өтүштү. Иш-чаранын алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду чыгарган балдар үчүн китептердин жарманкеси уюштурулган.

Е-билим FEST фестивалынын максаты жарандарды Кыргызстандын билим берүү системасында санариптештирүү процессиндеги акыркы жылдары ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөр менен тааныштыруу болуп саналат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть