14:46 24 сентября 2023

Эл аралык форумда КМУнун доценти Гүлзада Абдалиева баш байгени жеңди

22-сентябрда Алтай мамлекеттик университетинде өткөн «Заманбап дүйнө: Борбордук Азия жана Чоң Алтай аймактарындагы туруктуулук жана коопсуздук» аттуу эл аралык илимий-практикалык форумга И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин М.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун педагогикалык жана гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Абдалиева Гүлзада Кошоевна катышты.

Сынакка Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кыргызстандын жана Азербайжандын илимий чөйрөсүнүн 58 өкүлү катышты.

Сынактын лауреаты Гүлзада Абдалиеванын «Алтайдан Чыгыш Түркстанга жана Теңир-Тоого чейинки кыргыздардын этногенетикалык, этномаданий жана миграциялык процесстери (КЭРде жашаган Фуюй жана Тарбагатай кыргыздарына болгон этнографиялык экспедициялардын негизинде)» аттуу илимий эмгеги баш байге менен сыйланды.

Ошондой эле Гүлзада Абдалиева «Улуттар аралык жана конфессиялар аралык мамилелер, эл аралык миграция жана Борбордук Азия жана Чоң Алтай өлкөлөрүнүн чек ара мейкиндигинде коопсуздук» бөлүмүндө «Мугалим-изилдөөчү» номинациясында «Жарандык-саясий ишмердүүлүк: Борбордук Азиянын жана Чоң Алтайдын аймактарындагы этностор аралык жана конфессиялар аралык мамилелер» илимий-иштеринин жана социалдык маанилүү долбоорлордун сынагынын лауреатынын диплому менен сыйланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть