17:15 20 декабря 2024

ОшТУнун Өзгөндөгү институтунда алдыңкы студенттерге акимдин стипендиясы ыйгарылды

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин стипендиясын тапшыруу салтанаты болуп өттү.

Ага аким Каныбек Апбасов, акимдин орун басары МИбраимов, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Райондун акими тарабынан окуудагы эң мыкты жетишкендиктери, коомдук иштерге активдүү катышып, мыкты жүрүм-туруму менен башкаларга үлгү болгон 7 студент социалдык жактан колдоого алынып, 3000 сомдон стипендия жана баалуу белектер тапшырылды.

300 миңге жакын калкы бар Өзгөн районунун башчысы К.Апбасов окуу жайда «Акимдин атайын стипендиясын» жыл сайын окуунун мыктыларына тапшырууну салтка айлантып, стипендиянын суммасын мындан жогорулатып бериле тургандыгын баса белгиледи.

Азем концерттик программа менен коштолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть