Ишемби күндөрү иштегени үчүн мугалимдерге эмгек акы төлөнөбү?

Ишемби күндөрү иштегени үчүн мугалимдерге эмгек акы төлөнөбү?

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги 13-февралда мугалимдердин ишемби күндөрдөгү иши үчүн эмгек акы төлөө маселеси боюнча түшүндүрмө берди. Мугалимдердин маянасы 3 бөлүктөн турат: өткөрүлгөн сабактар, даярдыктар жана сабактан тышкаркы иштери.

Кыргызстандын мектептери суукка байланыштуу жабылган учурда мугалимдер даярдоо иштери менен алек болгон, тактап айтканда сабакка даярдык көрүү, жазуу жана лабораториялык иштерди текшерүү, методикалык иш менн иштеди. Даярдоо иштери жүктүн 30%ын түзөт жана тиешелүү түрдө эмгек акы төлөнөт.

Ошондой эле, эс алуу учурунда калтырылган окуу жүгүнүн сааттарын кийинкиде толукташарын эске алуу менен эмгек акы толук төлөнгөн.

Мугалимдин окуу жүгү Базистик окуу планы менен аныкталат. Өтүлбөй калган окуу сааттары сөзсүз түрдө толукталышы керек.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up