Базар-Коргондогу мектептердин тарых мугалимдери райондук сынакта ат салышты (фото)

Базар-Коргондогу мектептердин тарых мугалимдери райондук сынакта ат салышты (фото)

Билим АКИpress - 2018-жылдын 11-апрель күнү Базар-Коргон районундагы мектептерде эмгектенген тарых мугалимдери арыасында «Тарых жолу ташка тамга баскандай» аттуу сынагынын райондук туру өткөрүлдү. Сынакка райондун бардык айыл аймактарынан тандалып келген мугалимдер катышты.

Иш-чаранын максаты – мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу, жогорку деңгээлдеги кароо-сынактарга катышуусуна өбөлгө түзүү, жаштарды патриоттуулукка үндөп, кыргыз элинин тарыхынын урунттуу учурларын эске салуу.

Сынак жогорку деңгээлде өтүп, жыйынтыгында Ү.Сыдыков атындагы №49 мектеби 1-орунду, №14 1-Май орто мектеби 2-орунду, А.Навои атындагы №4 орто мектеби 3-орунду ээлешти. Жеңүүчүлөр райондук билим берүү бөлүмү тарабынан диплом жана грамоталар менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up