Базар-Коргондо «Чынгыз Айтматовдун чыгармалары жана биз» атуу мектеп аралык сынак жыйынтыкталды

Базар-Коргондо «Чынгыз Айтматовдун чыгармалары жана биз» атуу мектеп аралык сынак жыйынтыкталды

Билим АКИpress - Базар-Коргон районундагы билим берүү мекемелеринде 2018-жылдын 12-апрелинен 24-апрелине чейин «Чынгыз Айтматовдун чыгармалары жана биз» аттуу кароо-сынактын айыл аймактык турлары өткөрүлдү.

Жыйынтыгында бардык айыл аймактан жеңүүчү деп табылган мектептердин командалары 2018-жылдын 28-апрелинде Манас Бердибеков атындагы Базар-Коргон райондук маданият үйүндө ат салышты.

Сынактын катышуучулары Ч.Айтматовдун аңгеме, повесть, романдарынан сахналаштырып, көркөм окушуп, чыгармаларына, андагы каармандарга арналган ырларды аткарышып, өздөрүнүн жогорку деңгээлдеги даярдыктарын, чеберчиликтерин жана билимдерин көрсөтүштү.

Сынакка Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары З.Адишова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усенов ж.б. көптөгөн коноктор катышты.

Жыйынтыгында Акман айыл аймагынан Токтогул атындагы №5 гимназия мектеби 1-орунду, Могол айыл аймагынан Далбаев атындагы №17 орто мектеби 2-орунду, Талды-Булак айыл аймагынан Чойбеков атындагы №27 мектеп 3-орунду ээлешип, баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты.

Иш-чаранын бардык катышуучуларына белектер, Ардак грамоталар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up