Ак-Жар айылынын 2 окуучусу «Алтын тамга» аттестатына ээ болушту

Билим АКИpress - Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылынын Жаналы уулу Абдракман атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү Элеман Сыргаков менен Жаныбек кызы Айдай «Алтын тамга» артыкчылык аттестаттарына татыктуу болушту.

Элеман Сыргаков Келдибек Карбоз уулунун 215 жылдыгына карата өткөрүлгөн «Манас таануу» сынагында баш байги жеңген. 2017-2018-окуу жылында орус тили жана адабияты предмети боюнча райондук олимпиадада 1-орунду камсыз кылган. Көркөм окуу райондук сынагында 1-орунду ээлеген. Ошондой эле мектеп парламентинин президенти болгон.

Жаныбек кызы Айдай үлгүлүү жүрүш-турушу менен бардык предметтерди «эң жакшы» деген баага окуп, 9-классты артыкчылык күбөлүгү менен бүтүргөн. 11-классты «Алтын тамга» аттестаты менен аяктоодо. Ал химия, орус тили, кыргыз тили жана география сабактарын кызыгып окуйт. 2017-2018-окуу жылында география предмети боюнча райондо 1-орунду, облуста 2-орунду ээлеген. Окуудагы жетишкендиги үчүн айыл өкмөттүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары менен сыйланган. Коомдук жана маданий массалык иштерге активдүү катышат. Класста окуу секторлук, ал эми парламентте депутаттык жана спикерлик милдетти аткарып келди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up