Сузакта жер көчкүдөн жапа чеккендер үчүн 73 млн сомго курулган 275 орундуу заманбап мектеп ачылды (сүрөт)

Сузакта жер көчкүдөн жапа чеккендер үчүн 73 млн сомго курулган 275 орундуу заманбап мектеп ачылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Бүгүн, 1-сентябрь — Билим күнүндө Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Көк-Булак участкасында заманбап, типтүү Ажимат Матиев атындагы орто мектеп ачылды. Бул билим уясына заманбап 7 тигүү машинасы коюлду. Эми жогорку класстын окуучулары кол эмгек сабагында, өзгөчө, кыздар тигүүчүлүк өнөрдү үйрөнө алышат. Андан сырткары, мектеп спорт зал, ашканаларга вентилация орнотулганы менен башка мектептерден өзгөчөлөнүп турат. Спорт залда ысык-муздук суу чыгуучу шарттар каралган. Атайын маалымат жыйын өтүүчү жай да эске алынган. Айтор, окуучулар менен мугалимдер үчүн жакшы шарттар түзүлгөн.

Окуу имаратынын ачылуу аземине КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиев, ЖК депутаттары А.Осмонова, Т.Икрамов, район акими Э.Омошев катышып, балдарды Билим күнү менен куттуктап, мектеп көп жыл бою элге кызмат өтөгөн билим уясы болушуна тилектештигин билдиришти.

Ыйгарым укуктуу өкүл К.Сатыбалдиев окуучулар үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн, эми балдар билимге гана көңүл буруулары керектигин белгиледи. «Табигый кырсыктан жапа чеккендерге жакшы шарт түзүп берүү үчүн колдон келишинче аракет жасалды. Айылдыктар да мектеп куруу зарылдыгын айтып келишкен. Бул жайга өлкө башчыбыз өзү да келип, абалды жеринен көрүп, мектеп маселеси чечилерин айткан эле. Мына, бүгүн республикалык бюджеттин каржылоосу менен заман талабына жооп берген билим берүүчү жай аягына чыгып, ачылышына катышып отурабыз. Мектептен татыктуу жетекчилер, мамлекеттик ишмерлер чыксын. Балдар сапаттуу билим алышсын. Эми балдардын билимине көңүл бөлөлү», - деди ал.

Андан соң мектеп жетекчилигине К.Сатыбалдиев өкүлчүлүктүн атынан 4 компьютер, район акими Э.Омошев 1 компьютер жана эл өкүлү Т.Икрамов 2 компьютер тапшырышты.

Аталган мектепти куруу үчүн республикалык бюджеттен 73 миллион сом бөлүнүп, имараты салынып, эмеректер менен кошо бүткөрүлгөн. Мектепти «Юг спецавтоматика» ЖЧКсы курду. Алар имараттын сапаттуу курулганын белгилешти. Жер көчкүнүн кооптуулугунан улам 12 айылдан көчүп келген жашоочулар үчүн мектеп айылдагы алгачкы соцобъект болуп калды.

Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө 20 айыл бар болсо, анын 12 айылы жер көчкү кооптуулугу бар аймакка кирет. Аталган айыл өкмөттө 13 жалпы билим берүүчү мектеп бар.

Сузак району боюнча 114 мектепте 51 миңден ашуун окуучу билим алат. Аларга 3800дөн ашуун мугалим билим берет.

2016-жылы көлөмдүү көчкү мектеп окуучусун алып, кооптуу аймакта жашагандарды дүрбөлөңгө салган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up