Базар-Коргондогу Ю.Исламов мектебинде кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча машыгуу өткөрүлдү

Базар-Коргондогу Ю.Исламов мектебинде кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча машыгуу өткөрүлдү

Билим АКИpress - Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагындагы Ю.Исламов атындагы орто мектебинде 26-сентябрда өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы улук лейтенант Жеңишбек Матназаров билдирди.

Анын маалыматы боюнча, машыгууга акимдин орун басары Каныбек Тилекеев, Арстанбап айыл аймагынын башчысы Улукбек Таштанбеков, коомдук көзөмөлдөө жана медицина кызматкерлери, мектеп окуучулары катышышты. «Алгач аталган мектепте шарттуу түрдө өрт кырсыгы катталып, ал бөлмөдө 2 окуучу калгандыгы өрт өчүрүү кызматына кабарланат. Андан соң куткаруучулар барып, жаракат алган окуучуларга жардамдарды көрсөтүшөт. «Күжүрмөн жайылыш» аталышта окуучулар арасында түтүкчөлөрдү (шланга) тез убакыттын ичинде жайылтуу боюнча сынак өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар тапшырылды деди», - Жеңишбек Матназаров.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up